Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна даяр

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна даяр. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

 

Анын айтымында, ооруканаларда орундар жетиштүү жана дарыгерлер бейтаптарды дарылоо тартибин жакшы билет. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйүп кетсе, Республикалык инфекциялык оорукананын базаснда кызыл зона түзүлөт.

 

Чиновник белгилегендей, учурда эпидемиологиялык абал туруктуу, чектөөлөрдү киргизүүнүн кажети жок.