Оштун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 110 кВ көмөк чордон курула баштады

Оштун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 110, 35 жана 10 кВт “Барсбек” көмөк чордонунун курулушу башталды.

Бизге энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан такташкандай, объекттин курулушуна 35 миллион сом сарпталат.

Кийинки жылы пайдаланууга бериле турган курулуш энергетикалык ишканалардын өз каражатына жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында, Ош шаары ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздалат деп күтүлүүдө.