Казакстан россиялык «Спутник V» вакцинасын чыгарууну токтотту

Караганды фармацевтикалык заводу коронавируска каршы россиялык «Спутник V»вакцинасын чыгарууну токтотту.

Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда COVID-19га каршы камдыкта төрт миллион дозадан көбүрөөк вакцина бар, бул «вакцинация жана ревакцинация үчүн» жетиштүү.

Буга байланыштуу кошумча өндүрүү жана сатып алуу иштери азырынча токтотулат.

Казакстанда калкты «Спутник V» вакцинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы февралда башталган жана препарат Караганды фармацевтикалык заводунун базасында өндүрүлө баштаган.