Румынияда эко балатылар популярдуу болууда

Румынияда эко балатылар популярдуу болууда. Аталган өлкөнүн ири шаарларынын  башкы аянттарында экологиялык таза материалдардан жасалган балатылар орнотулду.

 

Жаңы жылдын башкы символу ар кандай бутактардан куралган, ал эми оюнчуктар кайра иштетилген пластиктен жасалды. Жаратылышка зыянын тийгизбеген балатылар ошондой эле Чехия, Дания өлкөлөрүндө орнотулду.