Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ведомствого дагы окуу жайларга дагы китептердин санын жана алардын абалын билип турууга шарт түзөт.   Учурда китепкананын кызматкерлери отчетторду колго толтуруп берсе, эми  бул система автоматташкан болот. Азиялык өнүктүрүү банкы… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күчү 5 баллга жеткен жер алдындагы силкинүүлөр  эртең мененки саат 10:39да катталды. Анын очогу Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым аралыкта жайгашты.   Кашка-Суу, Жайылма, Кара-Шыбак, Кабык жана Талды-Суу айылдарында 4 баллга чейин сезилди. Кыйроолор… Кененирээк…

Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды

Экотехинспекциянын өкүлдөрү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөр архитектуралык-курулуш маселелерин жеке компаниялардын пайдасына чечип берип турганы үчүн акча алып келишкен.   Экотехинспекциянын башкармалыктарынын биринин жетекчиси жана башкы инспектору 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү.   Сотко… Кененирээк…

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милиция сабоо фактысы боюнча шаар аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө. Социалдык тармактарда балдарын атасы кетип калгандыктан сабаган аялдын видеосу тараган. Кээ бир ММКларда балдарын сабаган аялдын… Кененирээк…

Кыргызстандык эки бокс чебери эл аралык мелдеште жарым финалга чыгышты

Кыргызстандык эки бокс чебери эл аралык мелдеште жарым финалга чыгышты. Азат Үсөналиев 52 киллограмм салмак категориясында, ал эми Эркин Адырбек уулу 81 киллограмм салмак ченинде жеңишке жетти. “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу» турнири Россиянын Белоярск шаарында өтүүдө. Кошумчаласак, кечээ мелдештин чейрек финалы болуп, кыз жана… Кененирээк…

Ноокаттагы массалык мушташка байланыштуу 50 адам сурак берип, 6 адам камакка алынды

Ноокаттагы массалык мушташка байланыштуу 50 адам сурак берип, 6 адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Жандама айылында жаштар арасында массалык мушташ катталган. Уруш  9-декабрда өткөн футболдук беттештин айынан чыккан. Эки тараптын ортосунда ошондон бери пикир келишпестик орун алып,… Кененирээк…

Адам канчалык жакшы жана кымбат кийинсе, башкалардын көзүнө ошончолук ийгиликтүү, бардар жашоодо жашагандай көрүнөт

Адам канчалык жакшы жана кымбат кийинсе, башкалардын көзүнө ошончолук ийгиликтүү, бардар жашоодо жашагандай көрүнөт. Мындай бүтүмдү АКШнын окумуштуулары жарыялашты. Илимпоздордун сурамжылоосуна катышкандардын 61 пайызы адамга кийимине карап ишеним артышкан. Ушундан улам окумуштуулар акча көп тапкан жана ишин мыкты билгендерди айланасындагылар бай жана ийгиликтүү деп кабыл… Кененирээк…

«Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты» ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилди

«Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты» ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Тиешелүү сунуш ЮНЕСКОнун катчылыгына 2018-жылы жиберилип, көз карандысыз эл аралык серепчилер сунушту талдап, чечимди кечээ чыгарышты. Кошумчаласак, аталган уюмдун тизмесине Кыргызстандын Манас эпосу жана үчилтиги,… Кененирээк…

Криштиану Роналду селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок

Криштиану Роналду селфи жасайм деген фанатына жини келгенин жашырган жок. Бул жагдайды көрсөткөн видео Instagram баракчасына жарыяланды. Окуя «Ювентус» менен «Байер» командасы беттешип жаткан учурда болду. Видеодо күйөрман талаага чуркап чыгып, Роналдунун мойнунан бекем кучактап, селфи кылууга аракеттенген. Жини келген футболчу анын колунан кутулуп чыгып,… Кененирээк…

Синоптиктер аба-ырайы кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү таратат

Синоптиктер аба-ырайы кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү таратат. 13-декабрдан 15ине чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай аба-ырайы коммуналдык кызматтардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратат. Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы аралыкты сактоосу кажет. Ошондой эле жайкы шиналарды кышкыга алмаштыруу зарыл.