Ноокаттагы массалык мушташка байланыштуу 50 адам сурак берип,
6 адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жандама айылында жаштар арасында массалык мушташ катталган.
Уруш 9-декабрда өткөн футболдук беттештин айынан чыккан.
Эки тараптын ортосунда ошондон бери пикир келишпестик орун алып,
кечээ атчан балдар жаштарга кол салып, бир нече унааны талкалашкан.
Жыйынтыгында, 4 адам ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылган.