Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды

Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды. Мэриядан билдиришкендей, вандалдардан борбордук көчөлөр ысырапка учурады. Маалыматка караганда, мурда машина жүргөн жолдордогу торчолорду алып кетишсе, эми аялдамадагыларды дагы уурдашууда. Муниципалитет уурулук фактысына күбө болгон жарандарды 102 кызматына кайрылууга чакырат.

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты

Кайгуул милиция кызматы түзүлгөндөн тарта 62 кылмыш жана 193 жоруктун бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Канат Жумагазиев билдирет. Анын айтымында, 2 миң жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде мыйзамсыз унаалардын терезелерин караңгылату, жасалма номурларды пайдалануу… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады

«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин аэропорттун аймагына түшкөн коюу тумандан улам каттамдар кармалып жатканы айтылган. Ал эми учурда туман таркап 1 миң метр аралык көрүнүүдө. Каттамдар тууралуу алдын-ала маалыматты 0(312) 69-31-09 номери аркылуу… Кененирээк…

Окумуштуулар шоколаддын 8 пайдасын атап беришти

Окумуштуулар шоколаддын 8 пайдасын атап беришти. Маалыматка караганда таттуунун курамындагы антиоксиданттар кычкылтектин сиңишине жардам берип,  андагы нитриттер организмди көтөрүмдүү, чыдамкай кылат. Мындан тышкары, какаосу көп шоколад магний, темир, цинк, кальций сыяктуу витамин менен минералдарга бай. Ошондой эле шоколад жегендердин маанайы көтөрүлүп, көп ачууланбай, мээнин иштешин,… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчу Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнөлүк турнирде жеңүүчү аталды

Кыргызстандык спортчу Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнөлүк турнирде жеңүүчү аталды. Ал 52 килограммга чейинки спортчулар арасында 4 баскычта тең биринчиликке жетип, финалдык беттешке чыкты. Чечүүчү бөлүктө Үсөналиев Эквадордун өкүлү Луис Дельгадо менен күч сынашып, аны утуп алтын медалдын ээси болду. Эске салсак, мелдеш Россиянын Белоярск шаарында… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, тосмо орнотуу иштерине 11 куткаруучу тартылды. Эске салсак, 10-декабрда аталган шахтада 4 адам газга ууланып каза болгон. Куткаруучулар 215 метр тереңдиктен ууланган жумушчуларды алып чыгып, туугандарына алардын сөөгүн тапшырып… Кененирээк…

Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды

Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумагазиев билдирет. Анын айтымында, ыкчам-тергөө топ түзүлүп, шектүүлөр аныкталды. Эске салсак, 26-ноябрда белгисиз эки адам каржы мекемесине кирип, күзөтчүлөрдүн бирине күч колдонуу менен каражаттарды алып, качып кетишкен. Аталган кылмыш видео көзөмөлгө… Кененирээк…

Январда аба-ырайы өтө суук болбойт

Январда аба-ырайы өтө суук болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. Жаңы жылдын алгачкы айында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 2 градуска жылуу болот. Ал эми Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлүүдө.

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө 21-декабрда ачылат

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө 21-декабрда ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Маалыматка караганда, иш-чара Чүй облусунун Кемин районундагы «Ак-түз» тоо лыжа базасында өтөт. Анда балатылардын арасында муз тебүүчү жолдор бар. Ал Free ride жана Skip Tour деп аталат, бул… Кененирээк…

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда жасалма, өзүнө таандык эмес номерди тагып жүргөндөргө 10 миң сом айып тагылат. Учурда, ал жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Ага президент… Кененирээк…