Шайлоолорду өткөрүүгө чыгашалар дагы 2 миллион сомго көбөйдү

Шайлоолорду өткөрүүгө чыгашалар дагы 2 миллион сомго көбөйдү. Бул Москвадагы кошумча шайлоо тилкесин каржылоо үчүн болду, — дешти Боршайкомдон. Муну менен парламенттик шайлоолордун жалпы бюджети  449 миллион 584 миң сомду түздү.

 

Буга чейин жарыялангандай, пандемия үчүн БШК чыгашалардын болушунча азайтып, каражатты эң эле керектүү нерселерге жумшай турганын убадалаган.