Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө казынага 500 миллион сомго айланат

Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумду жана жергиликтүү

кеңештерге шайлоону өткөрүүгө казынага 500 миллион сомго айланат. Бул тууралуу БШК мүчөсү

Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, даярдык иштери Жогорку Кеңеш депутаттары

добуш берүү документин кабыл алып, президент жергиликтүү кеңештерди шайлоо кампаниясынын

мөөнөтүн жарыялагандан кийин башталат. Кошумчаласак, конституциялык жыйын даярдаган башкы

мыйзамдын жаңы долбоору парламентке келип түштү. Болжолдуу түрдө депутаттар аны кийинки жумада карайт.