Шайлоо босогосу жана күрөө тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңеш 4-июндагы сессиясында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда колдоп, добуш берүүгө жиберди.

 

Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоонун босогосу тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүлүшү керек. Ал эми шайлоо күрөөсү беш миллион сом бойдон калат.

14-майда мыйзам долбоору тармактык комитетте, андан кийин сессияда биринчи окуудан өткөн.

 

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда болору айтылган.

 

4-июндагы сессияда КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдырууну же үгүт иштеринин форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.

 

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Спутник» сайтына берген интервьюсунда эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген.