Парламенттик шайлоонун алдында 27-ноябрда “Тынчтык күнү” жарыяланат

Парламенттик шайлоонун алдында 27-ноябрда “Тынчтык күнү” жарыяланат.

БШКдан билдиришкендей, шайлоо тилкелеринин ачылышына бир сутка калганда

бардык үгүттөө иштери токтотулат. Аларга партиялардын өкүлдөрүнүн эл алдында

ММКлар аркылуу сүйлөшү, жолугушуулар жана шайлоо алдындагы роликтерди

чагылдыруулар кирет. Эске салсак, “Тынчтык күнү” добуш берүүчүлөргө

өз тандоосун жасап, шайлоо боюнча акыркы чечим чыгарышы үчүн керек.