Боршайком саясий партиялардын жана талапкерлердин каржы булактарын дагы жарыялап баштайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахманова билдирди. Анын айтымында, физикалык жактардан аты-жөнү талап кылынса, юридикалык тараптар уюмдун аталышын жазышы керек.
Каржы булактар боюнча маалымат бардык жарандарга жеткиликтүү болот. Эске салсак, ушул жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңештерге, күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.