Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиялык “Аль-Наср” клубу менен келишим түздү. Аль-Арабия басылмасынын маалыматына ылайык, эки тарап 2025-жылдын жайына чейинки келишимге кол коюшту.
Белгилеп кетсек, “Аль-Наср” клубу атактуу футболчуну өз курамына алууга жалгыз талапкер болду. Буга чейин Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтедде” ойногон.