Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы

Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ал жарым финалда россиялык

спортчу менен кез келди. Кармаштын биринчи бөлүгүндө эле тегерек

чийинден чыгарып бир упай алды. Андан соң төрт упайлык ыкма менен алып чаап,

ордунан тургузбай эки далысын жерге тийгизди. Натыйжада 1 мүнөт 43 секунддун

ичинде таза жеңиш менен утуп алды. Финалдык беттеш бүгүн болот. Анда биздин

балбан кыз Беларустан келген атлет менен күрөшөт. Биринчилик

Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат.