Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча төртүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионаты башталат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Жеңиш үчүн беш команда — Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран күрөшөт.
Алар бири-бири менен бир айлампа ойношот. Турнир 8-мартка чейин уланат.
Белгилеп кетсек, спорттун кышкы түрү боюнча мындай деңгээлдеги чемпионат республикада алгачкы ирет өтөт.