Ошто 1-декабрдан тартып милициянын кайгуул кызматы иштеп баштайт

Ошто 1-декабрдан тартып милициянын кайгуул кызматы иштеп баштайт.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирет. Анын айтымында, биринчи этаптын

129 катышуучусу профессионалдык даярдыктан өтүү үчүн окуудан өтүп жатат.

Ноябрдын ортолорунда алар зачет тапшырып башташат. Экзамен жана

нормаларды ийгиликтүү тапшыргандар декабрда жаңы кызматка чыгышат.