Роберт Левандовски испаниялык «Барселона» клубуна өткөнү расмий жарыяланды

Польша курамасынын чабуулчусу Роберт Левандовски испаниялык «Барселона» футболдук клубуна өткөнү расмий жарыяланды.

Польшалык чабуулчу «Бавариядан» сатылып алынды.

Белгиленгендей, каталониялыктар менен 33 жаштагы поляк төрт жылдык келишимге кол коюшту.

Келишимдин шарттары боюнча польшалык футболчу үчүн 500 миллион евро төлөнөрү белгилүү болду.