Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган эки компания мамлекеттик бюджеттен дагы насыя алат

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган эки компания мамлекеттик бюджеттен дагы насыя алат.

Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал белгилегендей, бул чечим 40 күнгө эсептелген республиканы керектүү күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Валюта курсунун туруксуздугуна байланыштуу жеткирүүчү компанияларда сатып алууда көйгөйлөр жаралган.

Күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ишканаларды мамлекеттен каржылоонун көлөмү 1 миллиард сомду түзөт, — деди министр.