Казакстан коронавируска каршы массалык эмдөөнү февралда баштайт

Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө 1-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу 19-январда Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, жылдын аягына чейин 6 миллион адамды эмдөө пландалууда.

 

Министр бүгүн Карагандадагы фармацевтикалык комплекс менен Орусиянын түз инвестициялар фонду «Sputnik V» вакцинасынын 20 миң дозасын алып келүү боюнча келишимге кол коюшарын кошумчалады. Анын алкагында эмдөө 1-февралда башталып, алгач болуп дарыгерлерге вакцина сайылат.

 

Ал эми марттан тартып мектептердин жана университеттердин окутуучулары, апрелден баштап жатак мектептердин кызматкерлери, бала бакчаларда иштегендер, студенттер эмдөөдөн өткөрүлөт.

 

Цой коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканын жана март айынын аягын барып туу чокусуна чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Былтыр ноябрда казак бийлиги орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын билдирген. Анын алкагында «Sputnik V» вакцинасы февралдан тартып өндүрүлө баштары айтылган.

 

Казакстанда 170 миңден ашык адам коронавирус жуктурган. Анын кесепетинен 2,4 миңдей адам каза болду. Казак бийлиги вирус аныкталбай, бирок өпкө кагынынан каза болгондорду өзүнчө эсептеп келет.