Россиядан дагы 460 кыргызстандык жеткирилди

Россиядан дагы 460 кыргызстандык жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Москва-Бишкек чартердик каттамы уюштурулду. Аны менен келгендердин 68и эки жашка чыга элек балдар.

 

Россиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзүп жатат. Ага кошууда кош бойлуу, баласы бар аялдарга, майыптарга, ооруп жаткандарга, карыларга артыкчылык берилет.

 

Ошондой эле пандемияга чейин  билет сатып алып, бирок уча албай калгандар да эске алынат. Учуп келгендер  обсервацияга алынды.