Кыргызстанда көз боемочулардын үйлөргө медицина кызматкерлери катары кирүү учурлары көбөйүүдө

Кыргызстанда көз боемочулардын үйлөргө медицина кызматкерлери катары кирүү учурлары көбөйүүдө. Жарандарга келгендердин документтерин текшерүү сунушталат, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин дарыгерлер вирусту аныктоо үчүн үймө үй кыдырат деп айтылган болчу. Аны менен пайдаланып шылуундар кары-картаңдардын үйлөрүнө кирип, тоноп кетишүүдө.