Өлкөдө курулуп жаткан медициналык мекемелер бейтаптар үчүн ыңгайлуу болушу шарт

Өлкөдө курулуп жаткан медициналык мекемелер бейтаптар үчүн ыңгайлуу болушу шарт.

Мындай талапты премьер-министр Кубатбек Боронов койду. Учурда Токмок шаарында

250 адамга эсептелген оорукананын имараты курулуп жатат. Анда башталган оңдоо

иштери август айынын соңунда бүтүп калат. Мындан тышкары, Бишкек, Ош жана Нарын

шаарларында тез курулуучу конструкция менен ооруканалар курулууда. Аларда күтүү залы,

кабыл алуу блоктору, реанимация, палата жана башка бөлүмдөр болушу зарыл.