Каракол — Эңилчек унаа жолу бир тараптуу жабык. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-майда аталган жолдун 76-85-чакырым аралыгында дээрлик 97 миң метр куб кар көчкү жүрүп, анын 10 миң метр кубга жакыны жолго түшкөн. Мындан улам, Каракол — Эңилчек унаа жолуна каттам бир тараптуу гана ачык.
Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.