Коронавирустан айыккан дарыгерлер кызматка кайтып башташты

Коронавирустан айыккан дарыгерлер кызматка кайтып башташты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей,

бүгүн 13 медицина кызматкери ооруканадан чыгарылды. Алардын алтысы дарыгер,

бешөө орто медициналык кызматкер жана экөө медициналык мекеменин жөнөкөй

кызматкерлери. Жалпысынан өлкө боюнча 147 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.