Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты коронавируска кабылуу учурлары кескин көбөйгөнүнө байланыштуу ызы-чууга алдырбоону чакырат

Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты коронавируска кабылуу учурлары кескин көбөйгөнүнө байланыштуу ызы-чууга алдырбоону чакырат. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, паника стресске алып келип, иммунитетке залакасын тийгизет.

 

Акматова белгилегендей, ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр, дары-дармек жана коргонуу каражаттары өлкөдө жетиштүү. Жарандарга бардык санитардык нормаларды сактоо сунушталат.