Кыргызстандын бардык ооруканалары 6 айга жете турган дары-дармектин запасын даярдап коюшу керек

Кыргызстандын бардык ооруканалары 6 айга жете турган дары-дармектин запасын даярдап коюшу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, медицина жайларына өз бюджетине препараттарды камдап алуу тапшырмасы берилди. Андан тышкары, аймактарда бейтаптар үчүн кошумча орундар түзүлүшү зарыл.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда акыркы 2 жумада эпидемиологиялык абал курчуп, коронавирус, пневмонияга кабылгандардын саны өсүүдө.