Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлыктары көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлыктары көбөйүшү мүмкүн. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, биздин өлкөдө эң төмөн базистик маяна дарыгерлерде.

 

Көп жылдардан бери 5 миң сом айлык алып жүргөн медицина кызматкерлери бар. Учурга карата маянаны көтөрүүнүн 3 варианты иштелип чыкты, алар өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү, — деди чиновник.