Баткен облусуна жардам берүү үчүн атайын эсепке дээрлик 85 миллион сом чогулду

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусуна жардам берүү үчүн атайын эсепке дээрлик 85 млн сом чогулду.

Сайттагы маалыматка ылайык, төмөнкү эсептерге чогулган каражат:

— Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн атайын эсебине – 77 089 860, 81 сом;

— КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине – 2 034 340 сом;

— Бишкек шаардык мэриясынын эсбине – 5 366 430, 25 сом.