«Sputnik V» дүйнөдөгү эң популярдуу экинчи вакцина болуп калды

«Sputnik V» вакцинасы дүйнөдөгү эң популярдуу экинчи вакцина болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 

Маалыматка ылайык, Орусиянын «Sputnik V» вакцинасы коронавирустук вакциналардын арасында аны жактырган өлкөлөрдүн саны боюнча экинчи орунга көтөрүлүп, Pfizer’ден ашып түшкөн. Вакцинаны колдонууга макул болгон мамлекеттердин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду азыр 49 мамлекетте лицензиясы бар «AstraZeneca» вакцинасы ээлейт, андан кийин «Sputnik V» 45 мамлекет менен. «Pfizer» үчүнчү орунда турат (43 өлкө).

 

Андан кийин «Moderna» вакцинасы (19 өлкө), ошондой эле үч кытай вакцинасы — «Sinopharm» (18), «Sinovac» (16), «CanSino» (4). «Johnson & Johnson» вакцинасы сегизинчи орунда турат, аны төрт өлкө жактырган.

 

«Sputnik V» вакцинасы катталган 45 мамлекеттин жалпы калкы 1,2 миллиарддан ашат.