Көп жөө баскан адам узагыраак жашап, жүрөк ооруларына аз чалдыгат.
Окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 200 миң адам беш жыл
аралыгында байкоодон өткөндөн кийин жумушуна жөө же велосипед менен
баргандар улгайган куракка чейин өмүр сүрүшкөнү аныкталды. Ал эми унаа менен
жүргөндөрдө жүрөк оорулары көбүрөөк кездешти. Окумуштуулардын пикири
боюнча, дайыма жөө басуу гана эмес, анын ылдамдыгы да мааниге ээ.