Чолпонбек Абыкеев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгон.
Абыкеев — жазуучу. Ал Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айылында туулган.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 1975-жылдан бери
мамлекеттик кызматтарда жана басма сөздө иштеп келе жатат.