Кыргызстанда доллар позициясын жоготуусун улантууда

Кыргызстанда доллар позициясын жоготуусун улантууда. Жума башынан бери анын куну төмөндөп, 76 белгисинен арзандады. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар америкалык валютаны 75 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 75 сом    70 тыйынга сатышууда.

 

Эске салсак, доллар марттын аягында кескин көтөрүлүп, бир күндө 85 сомго жеткен болчу. Улуттук банк валюта серпилүүсүн жөнгө салуу максатында бир нече интервенцияларды өткөргөн.