Швейцарияда дүйнөдөгү эң чоң көйнөк формасындагы торт жасалды. Укмуштуу кондитердик азык үлпөт той көргөзмөсүндө тартууланды. Анын салмагы 130 килограммга жетет.
Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү рекордду каттады, бул үчүн торт-көйнөктү кийип алып, модель 5 метр басышы керек болду. Андан кийин торт көргөзмөнүн конокторуна таратылды.