Кыргызстандын куткаруучулары зилзаладан жабыркаган Түркияга жөнөтүлөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. “Эдельвейс” атайын багытындагы 65 куткаруучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берет.
Эске салсак, Түркиянын түштүк-чыгышында бүгүн 2 жер титирөө катталды. Алардын күчү очогунда 7,5 жана 7,8 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча каза тапкандардын саны 1 миңден ашты. Урандылардын астынан жабыркагандарды куткаруу боюнча иштер уланууда.