АКШ тургуну утуш алып келген лотерея билетин ыргытып сала жаздады. Купон унаада бир нече күн жаткан. Аны таштандыга ыргытардын алдында, аял оюндун жыйынтыктарын текшерип көрүүнү чечкен.
Жыйынтыгында, бул билет ага 1 миллион доллар алып келди. Ал бактысына ишенбей, билетти 10 жолу текшерип көргөнүн билдирди.