Швейцарияда коронавирустан эмделүү үчүн досторун алып келген жарандарга акча берилет

Швейцарияда коронавирустан эмделүү үчүн досторун алып келген жарандарга акча берилет.

 

Агитаторлор ар бир вакцина алган досу үчүн 54 доллардан алат. Бирок жарандарга акчалай түрдө берилбейт, атайын купондор ыйгарылат.

 

Аларга белгилүү бир товарларды алып, же кызматтарды колдонсо болот. Бийлик мындай жол менен вакцинация кампаниясын тездетүү ниетинде.