АКШда салмагы 45 килограммдык сейрек балык кармалды.
Опах суу жандыгы Орегондогу Сантет жээгинен табылды.
Анын узундугу 1 метрди түздү. Окумуштуулар кармалган
балыкты изилдөө максатында тоңдурууну көздөп жатышат.
Кошумчаласак, опахтардын формасы уникалдуу болгондуктан
аны көбүнчө күн же ай балыгы деп аташат. Алар 50дөн
200 метр тереңдикке чейинки ачык деңиздерде жана тропикалык
сууларда жашап, криль жана кальмар менен тамактанат