Сокулук районунун жашоочуларына 9 тоннадан ашуун кумшекер таратылат

Бүгүн, 15-декабрда “Кошой” ААК заводунда социалдык жактан аз камсыз болгондор үчүн гуманитардык жардам акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анда Шопоков шаарынын жана Сокулук районунун жашоочуларына кумшекер таратылууда. Бир адамга 10 кг шекер берилет. Жалпы 9 тоннадан ашык кумшекер таратылат.

 

Иш-чарага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери катышты, анткени атамекендик кант өндүрүүчү “Кошой” ААК кант рыногунда үстөмдүк кылуучу позицияны ээлеген субъект болуп саналат.

 

“Бүгүнкү күндө республиканын керектөөчүлөрү кумшекер менен камсыздалган. Кант кызылчасын даярдоо улантылып жатат. Учурда “Кошой” ААК заводунун дүң сатуу баасы 1 кг 78 сомдон болууда. Фирмалык дүкөндө чекене баасы 1 кг 84 сом”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “Глобус”, “Народный” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүндө кумшекер арзандатылган баада сатылып жатканын белгиленет. Анда бир кишиге 1 кг кумшекер 78 сомдон, ал эми 1 кг ашык ала турган болсо 85 сомдон сатылат.