Кыргызстанда жакынкы 4 жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн планы иштелип чыкты

Кыргызстанда жакынкы 4 жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн планы иштелип чыкты. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун башчысы Санжар Болотовдун айтымында, долбоорлордун жалпы суммасы 100 миллиард сомго жетет.

 

Каражаттын басымдуу бөлүгү энергетика, транспорт, муниципалдык кызматтар жана саламаттыкты сактоо тармактарына багытталат.

 

Болотов белгилегендей, эң ири долбоорлор — Төө-Ашуу ашуусунда альтернативалык туннелдин, күн электр станциясынын курулушу  жана Улуттук хирургиялык борбордун ремонту.