УКМКнын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 15-декабрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

 

Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Талас облусунун башчысы Бактыбек Нарбеков, Талас районунун башчысы Нургазы Нармырзаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

 

Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

УКМК төрагасы К.Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык област, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.