Балыкчы шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев президенттин атынан үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды.
Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашып, бардык шарттары бар экени айтылды.
Ошондой эле бул үй-бүлөгө белек катары жеңил унаа жана 150 миң сом тапшырылганы белгилүү болду.
Үч эмдүү болгон ата-эне өздөрүнүн турак жайы жана жумушу жок, Тоң райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.
Министирликтин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 6 айында Кыргызстанда 98 миң 536 бала төрөлгөн, алардын ичинен 15и үч эм.