Кыргызстанда жаңы ооруканалар дээрлик 69 миллион сомго медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, дарылоочу жайларда керебеттер, рентнген-аппараттар, стационардык мониторлор жана узи-аппараттар орнотулат. Аларды жеткирүү боюнча келишим
9 компания менен жетишилди.
Айрымдары ушул жумада алынып келинет. Эске салсак, жалпысынан өлкөдө 3 жаңы оорукана курулуп жатат. Андан тышкары, 8 бош турган имарат медициналык жай алдына өзгөртүлүүдө.