Облус жетекчилери эми президентке баш ийет

Облус жетекчилери эми президентке баш ийет. Садыр Жапаров президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жарлыгына кол койду.

 

Ага ылайык, өкүл өзү жетектеген аймакта өлкө башчы аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат.

 

Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

 

Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийет, отчёт берет. Буга чейин облустардын жетекчилери өкмөттүн облустардагы өкүлү болуп келген.