Кыргызстандын айыл чарба ишканалары Өзбекстанга мөмө-жемиш, эт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту.
Анын ичинде дээрлик 2 миң тонна алма жана 100 тонна жаңгак менен мисте жеткирүү боюнча келишимдер бар.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, жогорудагы макулдашууга элчиликтин жардамы менен Ташкентте өткөн Борбор Азиядагы эң ири тамак-аш көргөзмөлөрүнүн биринде жетишилди.