Сузак районунун жалпы дарылоо борборуна жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

Сузак районунун жалпы дарылоо борборуна жаңы тез жардам унаасы тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, техника тиешелүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

 

Унааны сатып алууга каражат  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында чогулган суммадан бөлүндү. Эске салсак, буга чейин программанын алкагында 37 тез жардам унаасы сатылып алынган. Алар республиканын медициналык жайларына тапшырылды.