Жалал-Абадда шаар аймагында жөө жүргүнчүлөр менен унааларды текшерүү күчөтүлдү

Жалал-Абадда бүгүнтөн тартып шаар аймагында жөө жүргүнчүлөр менен унааларды

текшерүү күчөтүлдү. Күч түзүмдөрүнөн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана

элдик кошуундардан түзүлгөн топ шаарда атайын рейд өткөрүүдө. Көчөдө жүргөн

ар бир унаа токтотулуп, уруксат кагазы жок жүргөндөр айып короосуна токтотулду.

Ал эми себепсиз жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйдөн чыкпоосу

эскертилди. Кошумчаласак, аталган аймакта 25-марттан баштап коменданттык

сааттын талаптарын бузуп, түн ичинде коомдук жайларда жүргөн 169 адам кармалган.