Бишкекте коомдук транспортто жол кирени жогорулатуу пландалган жок

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени жогорулатуу пландалган жок. Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдиргендей, дифференцияланган тариф киргизүү планы караштырылып, анын жол-жобосу боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

 

Эгер ал кабыл алынса, жүргүнчүлөр жол акысын “Тулпар” картасы менен төлөйт жана накталай акчага караганда электрондук билет менен төлөө арзаныраак болот. Эске салсак, Бишкекте жол кире  2021-жылдын ноябрында жогорулаган.

 

Автобус-троллейбуста 8 сомдон   11 сомго, ал эми маршруттук таксилерде жол кире 10 сомдон 15 сомго көбөйгөн.