Кыргызстанда айдоочулар унаасына видеорегистратор орнотууга милдеттендирилет

Кыргызстанда айдоочулар унаасына видеорегистратор орнотууга милдеттендирилет. Ички иштер министрлиги “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү ниетинде.

 

Бул коомдук коопсуздукту камсыздоого жана айдоочулардын тартибин күчөтүүгө багытталат. Ведомстводон белгилешкендей, видеорегистраторлор бузууларды аныктап, авариялардагы тартыш жараткан учурларды тактоого негизги курал болуп саналат.

 

Бул талап 2025-жылдын   1-январынан тарта күчүнө кириши күтүлөт. Айдоочулар ага чейин шайманды сатып алып, унаасына орнотууга жетишиши керек.