Түндүк Корея кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты.
Аталган өлкөнүн бийлиги жарыялагандай, баш тартуу глобалдык
пандемиядан улам. Анын ортосунда Түндүк Корея Кытайдын өткөрө
турган иш-чарасын колдойт. Эске салсак, буга чейин Олимпиадага
катышуудан АКШ, Жаңы Зеландия жана башка бир катар өлкөлөр
баш тарткан. Кышкы Олимпиада оюндары Пекинде быйыл 4-февралдан
20сына чейин өтөт. Ага Кыргызстандан азырынча бир гана спортчунун жолдомосу бар.