Кыргызстан кармалган жарандарынан улам Казакстанга нота жөнөттү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы тополоңдорго тиешеси бар деген айып менен кармалган кыргыз жарандарына байланыштуу расмий Нур-Султанга нота жолдоду. Ошондой эле Чымкент шаарында 38 кыргызстандык кармалып кайра кое берилгенин билдирди. Мунун алдында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкент полициясына сурак берип чыккан кыргыз жараны Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлаган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясында казак бийлигинен тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министри башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Кыргызстандын Казастандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат.

Алматы шаарында кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов дүйшөмбүдө бошотулду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган жана жарандарды мекенине кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бир катар шаарлардагы кыргызстандыктар менен байланышып жатат.